Министрлик түзүмдүк бөлүмдөрдө антикоррупциялык жыйындарды өткөрүүнү улантууда
07-октябрь 2025, 09:55
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары – Министрлик) өзүнүн карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөрдө коррупцияга каршы жыйындарды өткөрүүнү улантууда.
2025-жылдын 6-октябрында Министр Машиев М.А., Министрдин орун басары Жусупбеков М.М. жана Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Какешов Б.Д. менен一 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгын (“2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия жөнүндө”) ишке ашыруунун жолдору темасында一Министрликке караштуу «Кыргыз геологиялык кызматы», «Кыргыз Геология» мамлекеттик ишканасы жана «Борбордук лабораториянын» эмгек жамаатынын арасында жыйын өткөрүштү.
Өзүнүн сөзүндө Министр Машиев М.А. коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн, жаңы ыкмаларды киргизүүнүн зарылдыгын, ошондой эле Министрликке караштуу мекемелердин ишмердүүлүгүн ачык жана айкын жүргүзүү — коррупциянын алдын алуудагы негизги куралдардын бири экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле, жер казып алуучулардын Министрликке болгон ишенимин арттыруу, кызматкерлер арасында ак ниеттүүлүк жана тазалык принциптерин чыңдоо боюнча иштерди күчөтүү, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик сөзсүз болоорун ар бир кызматкерге жеткирүү керектигин белгиледи.
Жыйын учурунда Жусупбеков М.М. катышуучуларды жер казып алуучулар менен мамилелерди бир гана «Бирдиктүү терезе» аркылуу жүргүзүүгө, жарандык сектор менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, лицензия берүү тармагында ачыктыкты камсыз кылууга чакырып, коррупцияга каршы маданиятты жана этиканы жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик каражаттарды, каржылык ресурстарды жана сатып алууларды башкарууну өзгөчө көзөмөлгө алууну, стратегияны ишке ашыруудагы процесстерди санариптештирүү жана маалыматтык технологияларды киргизүүдө эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү керектигин айтты.
Өз сөзүндө Какешов Б.Д. коррупциянын түшүнүктөрү жана түрлөрү, антикоррупциялык укуктук ченемдер жана мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы механизмдер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги тууралуу айтып өттү. Ошондой эле, 2025-жылдын 20-августундагы №2 Протоколдун 5-пунктун ишке ашыруу алкагында, Министрликтин стратегияны ишке ашыруу маселелери боюнча Убактылуу жумушчу тобу түзүлгөнүн маалымдап, Иш-чаралар планындагы 1 жана 2-бөлүмдөрдү, ошондой эле 2 жана 12-пункттарды аткарууну күчөтүү керектигин белгиледи.
Министрлик мындан ары да кызматкерлер арасында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерге шарт түзгөн себептерди жана жагдайларды жоюу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин улантат.