Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Бучук» кен кесиминде пайдалуу кендерди казып алуу иштерин жүргүзгөн компаниянын өндүрүштүк калдыктары шамал аркылуу жайыт жерлерине тарагандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан түшкөн маалымат тастыкталды

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Бучук» кен кесиминде пайдалуу кендерди казып алуу иштерин жүргүзгөн компаниянын өндүрүштүк калдыктары шамал аркылуу жайыт жерлерине тарагандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан түшкөн маалымат тастыкталды.

Аталган факты боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан ыкчам түрдө жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө өндүрүштүк калдыктар өндүрүш аянтынан тышкары жайыт жерлерине тарагандыгы аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында өндүрүштүк калдыктар токтоосуз түрдө тазаланып, аймак толугу менен иретке келтирилди. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрү менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын кайталап бузууга жол бербөө жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүргүзүүдө экологиялык ченемдерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.