Министрлик жаңы QR-код аркылуу кайтарым байланыш системасын ишке киргизди

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жаңы QR-код аркылуу кайтарым байланыш системасы.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы QR-код ыкмасын ишке киргизди.

📲 Эми ар бир жаран мамлекеттик кызматтын сапаты тууралуу өз оюн оңой жана тез бөлүшө алат!


✅ Кантип пикир калтыруу керек?

1️⃣ Смартфон камерасын иштетип, QR-кодду сканерлеңиз.

2️⃣ Ачылган шилтемеге өтүп, система берген көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.


💡 Пикир калтыруунун 2 жолу бар:

🔹 1-ыкма: Колдонмо аркылуу катталуу

         •        Email дарегиңизди киргизип, каттоодон өтүңүз.

         •        Тиешелүү категорияны тандап, пикириңизди жазыңыз.

         •        Жөнөттүңүз – болду!


🔹 2-ыкма: «Түндүк» тиркемеси аркылуу

         •        «Түндүк» мобилдик колдонмосун ачыңыз.

         •        QR-кодду сканерлеп, керектүү бөлүмдү тандаңыз.

         •        Пикириңизди түз жазыңыз.


💬 Сиздин ар бир пикириңиз маанилүү!


Ал Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иш сапатын жогорулатууга жана жарандар үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берет.