Министр Акыл Токтобаев Чаткал токой чарбасынын чарбалык иштери жана менен таанышты.

Жалал-Абад өрөөнү
Министр Акыл Токтобаев Чаткал токой чарбасынын чарбалык иштери жана менен таанышты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чаткал токой чарбасынын чарбалык иштери жана көчөтканасынын абалы менен жеринен таанышты. 

Анда министр көчөт материалдарын жабык тамыр ыкмасына өткөрүү аны сапаттуу өстүрүп, "Жашыл мурас" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү көчөт материалдары менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди. 

Чаткал токой чарбасынын 2026-жылга карата токой кызматынан экме токой отургузуу планы 25 га берилген. 25 га экме токойго жалпысынан 14 500 даана көчөт отургузулуп, 25 га жердин айлана-тегереги тосулган.

Белгилей кетсек, Чаткал токой чарбасы 1994-жылы уюшулган. 

Токой чарбанын жалпы аянты 2017-жылдагы токой анчылык жайгаштыруу департаментинин маалыматына ылайык 35292,3 гектар болуп белгиленген. Токой чарба 3 токойчулуктан турат.

-Чаткал токойчулугу;

-Башкы-Терек токойчулугу;

 -Терек-Сай токойчулугу;