Министр Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларынын иши менен таанышты.

Чүй өрөөнү
Министр Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларынын иши менен таанышты.
Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында министр аймактагы бир катар тоо-кен ишканаларына барып, алардын учурдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды талкуулады.


Иш сапардын жүрүшүндө экологиялык ченемдерди сактоо, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу жана объектилерде эмгекти коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мыйзам талаптарын так аткаруу зарылдыгы баса белгиленди.


Министр лицензиялык келишимдердин жана колдонуудагы ченемдердин шарттарын сактоо менен ишканалардын процесстерин модернизациялоонун жана өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Иш сапардын жыйынтыгы боюнча ишканалардын жетекчилерине иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүрүштүк тартипти күчөтүүгө жана региондун тоо-кен казып алуу тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган тапшырмалар берилди.


Министрлик өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча системалуу ишти улантат.