Министр М.Машиев Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан бир катар өндүрүш объектилерине иш сапар менен барды
18-апрель 2025, 14:32
Чүй өрөөнү

2025-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашкан бир нече ишканаларга барды. Иш сапардын алкагында министр «Илина Групп» ЖЧКсына, «ОКЗ» ЖЧКсына, «Жал» ЖЧКсына жана башка кыш заводдорундагы абаны чаңдан жана газдан тазалоочу жабдуулардын иши менен таанышты.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Боз-Бөлтөк тоосунун айланасындагы айылдардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде барган.
Бул жолку иш сапардын жүрүшүндө М.Машиев мурунку текшерүүдөн бери аткарылган иштерге баа берип, экологиялык нормаларды так сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бардык ишканалардын жетекчилигин зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга чакырды. Ал ошондой эле абанын сапатын жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул иш бул аймактын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн ишканалардын жоопкерчилигин жогорулатууга карай маанилүү кадам болуп калат.