Министр М. Машиев Ананьево айылындагы Ысык-Көл коругун кыдырып чыкты
18-июль 2025, 09:54
Ысык-Көл өрөөнү
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жумушчу сапарынын алкагында Ананьево айылында жайгашкан Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругуна барды.
Сапардын жүрүшүндө министр корук аймагында жүрүп жаткан демонтаж иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаңы инфраструктура курууга даярдык маселелерин талкуулады. Бул долбоордун ишке ашырылышы Татарстан Республикасынын каржылык колдоосу менен жүргүзүлүүдө.
Корук жаңыланып курулгандан кийин аймактын өзгөчө жаратылышын сактоого, экотуризмди өнүктүрүүгө жана жаратылышты коргоо иш-аракеттерин күчөтүүгө багытталган.