Министр М. Машиев кеңейтилген аппараттык жыйынды өткөрдү

Чүй өрөөнү
Министр М. Машиев кеңейтилген аппараттык жыйынды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев ведомствого караштуу түзүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин жана борбордук аппараттын бөлүм башчыларынын катышуусунда кеңейтилген аппараттык жыйынды өткөрдү.

Жыйында министр жаңадан дайындалган жетекчилерди тааныштырып, тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

М. Машиевдин айтымында, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин сапаттуу аткаруу, жаңы нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу министрликтин ишинин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Ошондой эле учурда материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана чыңдоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Аймактардагы иштер ыкчам жана сапаттуу уюштурулушу зарыл. Күз-кыш мезгилинин келиши менен курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери дагы да жоопкерчиликтүү болуп калат», – деп белгиледи министр.