Министр М. Машиев Боз-болток тоосундагы заводтордун өкүлдөрү менен жолугушту

Чүй өрөөнү
Министр М. Машиев Боз-болток тоосундагы заводтордун өкүлдөрү менен жолугушту

Жаратылыш ресустар министрлигинде министр М. Машиевдин жетекчилиги  астында Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенешинин депутаты Ч.Айдарбековдун кайрылуусу жана Боз-Болток тоосунун айланасындагы айылдардын жашоочуларынан арыз-даттанууларынын негизинде   кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү.

Аталган жыйынга Министрликтин тиешелүү түзүмдүн бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана Боз-Болток тоосунун аймагындагы кыш заводдордун жетечилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө кыш заводдордун атмосфералык абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусун минималдаштыруу, чан-газ тазалоочу орнотмолордун иштөөсү жана башка маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда кыш заводдордун өкүлдөрү Министрликтин кызматкерлери кыш заводто орнотулга фильтрлердин эффективдүүлүгүн текшерип берүүсүн суранышты. Кеңешменин соңунда кыш заводдордун чан-газ тазалоочу орнотмолорун жеринде карап, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Министр М.Машиев  жыйында абанын булгануусун алдын-алуу маанилүү чаралардын бири экенин баса белгилеп, өндүрүштүк жана социалдык объектилердин бардыгы тиешелүү фильтрлердин орнотулушу негизги шарт экенин баса белгиледи.