Министр М. Тургунбаев Нарын облусуна барды

Чүй өрөөнү


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Тургунбаев Мелис Жусупжанович иш сапары менен министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгына келди. Иш сапардын жүрүшүндө башкармалыктын ишмердүүлүгү, кызматтык имараттар менен таанышып, жылпы кызматкерлердин катышуусунда жыйынга катышты. Жыйында региондогу орчундуу делген тɵмɵнкү маселелер каралды;

- «Эндик» техникалык өсүмдүгүнүн массалык түрдө мыйзамсыз казылышы, 

- Сон-Көл өрөөнүндөгү балыктардын акыбалы, мороторийдин узартылышы, броконьерлер менен күрөшү, атайын рейддерге чыгуу үчүн лодка  же моторлуу кайыктарды алуу менен материалдык техникалык базаны чындоо керектиги , 

-Бүгүнкү күндөгү карьерлердин иш алып баруусу жана иш жүргүзбөй келген карьерлердин мамлекет тарабынан берилген лицензияларын артка кайтарып алуу жолун кароо,

-Башкармалыктын көзөмөл –текшерүү кызматына өнөр-жай, радиолог-химик адисттигиндеги кызматкердин жана көйгөйлүү болуп жаткан Жумгал районунун Мин-Куш өрөөнүндөгү радиацияны ченөө үчүн дозиметрдин жоктугу айтылды.

- Нормативдик төлөмдүн методикасын иштеп чыгуу,

- Мындан тышкары башкармалыктын техникалык базасын чындоо жагы дагы айтылды.

Министр Тургунбаев Мелис Жусупжанович министрликтин денгээлиндеги чечилүүчү маселелерди чечип берерин, башкармалыктын ишин жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүнү тапшырды. 

 Нарын облусунун экологиялык маселелерин чечүүдɵ патриот жана чыдамкай болууга чакырып ɵттү.