Министр М. Тургунбаев “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузду

Чүй өрөөнү
Министр М. Тургунбаев “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузду

2022-жылы Президент С. Н. Жапаровдун демилгеси менен башталган Улуттук “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министр М. Тургунбаевтин катышуусунда кɵчɵт отургузуп, ал эми министрликтин кызматкерлери ишембилик ѳткɵрдү.

Министр М.Тургунбаев  Салкын-Тɵр жаңы конушунун жашоочулары менен, кɵчɵт отургузду. Жалпысынан 320 бак отургузулуп, кɵчɵнүн атын «Жашыл Мурас» деп коюлду. 

Министр өз сөзүндө “Жашыл мурас” "улуттук кампаниясы республикабыздын ар бир регионунда ишке ашырылып, жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланып бара жатат 2021-жылы Глазго шаарында климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлердин саммитинде Кыргыз Республикасынын Президенти  2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн жылы деп жарыяланып, бир топ маанилүү иштер жасалганын бул өнөктүккө ар бир жаран активдүү катышып, өз салымын дагы бүгүнкүдөй кошо ала турганын"- М. Тургунбаев баса белгиледи.

2024-жылга “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында Быйылкы 8 млн. даана пландаштырылган анын 5 млн. көчөт менен ал эми 3 млн. урук менен себүү менен ишке ашат.

Ошону менен катар, министрликтин борбордук аппараты, Бишкек шаарын жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча, ишембиликке каташып, белгиленген аймакты тазалышты.