Министр М.Тургунбаев Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту.
28-февраль 2024, 11:37
Министр М.Тургунбаев Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту.
Министр М.Тургунбаев Швейцариянын атайын ыйгарым укуктуу элчиси О. Бангертер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү маселесин талкуулашты. Суу ресурстары боюнча иштеген адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Кыргыз тарап Швейцариянын суу секторун реформалоо боюнча көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. "Экологиялык агым боюнча ченемдик базаны киргизүү жана экономикалык механизмдерди өркүндөтүү суу секторунун бардык тараптары менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү, маалыматтык иштерди жүргүзүүнү талап кылат" -деп белгиледи министр М.Тургунбаев.
Өз кезегинде О.Бунгертом суу секторун реформалоо боюнча Министрлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк үчүн ыраазычылык билдирди. Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.