Министр М.Тургунбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза менен жолугушту

Чүй өрөөнү
Министр М.Тургунбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки жана Россия, Борбордук Азия жана Кавказ менен кызматташуу бюросунун директорунун орун басары менен жолугушту. Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин соода саясаты боюнча адиси Коикэ Шинья мырза.

 Жолугушуу 2023-жылдын 4-сентябрында Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин демилгеси менен өттү. 

Тараптар экология жана климат жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана спектрин кеңейтүү маселеси каралды.