Тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча жогорку деңгээлдеги Эл аралык конференцияга министр М. Машиев катышууда
30-май 2025, 10:25

Душанбе шаары, Тажикстан Республикасы | 29–31-май 2025-ж.
Кыргыз Республикасынын делегациясы Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри (ТРЭТКМ) М.А. Машиевдин жетекчилиги алдында 2025-жылдын 29–31-майында Душанбеде (Тажикстан Республикасы) өтүп жаткан муз тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча жогорку деңгээлдеги Эл аралык конференцияга катышууда.
Конференциянын максаты — мөңгүлөрдүн адамзат үчүн зор маанисине кеңири көңүл буруу, аларды коргоо боюнча туруктуу чечимдерди издөө жана глобалдык климаттык өзгөрүүлөр шартында биргелешкен аракеттерди тартипке салуу.
29-май күнү Министр М.А. Машиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) «Мөңгүлөрдүн эриши шартында айыл чарба: кургакчылык менен селдин кесепеттерин көмүртекти кармап жана мөңгүгө көз каранды аймактардын туруктуулугун чыңдоо аркылуу жеңүү» аттуу тематикалык сессиясына катышып, саламдашуу сөзүн айтты. Өз сөзүндө министр мөңгүлөрдүн ыкчам эриши суу коопсуздугуна, айыл чарбасына жана аларга таянган аймактардын жашоо-тиричилигине олуттуу коркунуч туудуруп жатканын, бул көйгөй региондук гана эмес, дүйнөлүк мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи.
Ошол эле күнү Министр климаттык туруктуулук, мөңгүлөрдү сактоо жана суу ресурстары боюнча министрлик диалогунда сөз сүйлөдү. Диалогго Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн экология министрлери, Жашыл климат фондунун (ЗКФ) аткаруучу директору, БУУнун Айлана-чөйрө программасы (МСОП) жана РЭЦЦА башчылары катышты. Катышуучулар эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун зарылчылыгын белгилешти. М.А. Машиев мөңгүлөр — жайыт жана дарыя сууларынын, ирригациянын жана гидроэнергетиканын стратегиялык булагы экенин, алардын ролу климаттык өзгөрүүлөр күчөгөн шартта өзгөчө маанилүү болоорун белгиледи.
Конференция алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү:
1. Министр М. Машиев Жашыл климат фондунун аткаруучу директору айым Мафалда Дуартэнин жолугушуусу.
Тараптар ЗКФка сунуштала турган долбоорлордун портфелин кеңейтүү, улуттук уюмдарды аккредитациялоо ж.б. маселелерди талкуулашты. Айым Дуартэ Борбор Азияга алгачкы келиши региондун климаттык муктаждыктарын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк бергенин белгилеп, долбоордук өтүнмөлөрдү ийгиликтүү даярдаш үчүн өлкөнүн приоритеттерин так аныктоо зарылдыгын баса көрсөттү. Министр Машиев конструктивдүү сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстанга баруусуна үмүт артты.
2. Министр М. Машиев менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо комитетинин төрагасы Шерализода Баходур Ахмаджондун жолугушуусу.
Жолугушууда конференциянын пункттарын ишке ашыруу жана эки тараптуу экологиялык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Министр Машиев Тажикстанга чакыруусу жана иш-чаранын ийгиликтүү ачылышы үчүн ыраазычылык билдирсе, Шерализода Баходур Ахмаджон кыргыз делегациясынын иш-чарага активдүү катышуусун жогору баалап, мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Кыргыз Республикасы мөңгүлөрдү сактоону улуттук жана регионалдык климаттык саясаттын артыкчылыктуу багыты катары карап, глобалдык климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү боюнча эл аралык демилгелерге активдүү катышууну улантат.