Министр М.А. Машиев Ош шаарында Ведомстволор аралык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү жана региондук түзүмдөрдүн иши менен таанышты
04-июль 2025, 14:54

2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиев Ош шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү.
Жыйын министр М.А. Машиевдин төрагалыгы астында өтүп, ага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Жантаев, энергетика министринин орун басары Д. Төлөгөнов, Ош шаарынын вице-мэри С. Жунусбеков, комиссиянын мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарындагы абанын булгануу себептери, экологиялык абалдын комплекстүү баасы талкууланып, 2026–2027-жылдарга карата максаттуу иш-чаралардын планын иштеп чыгуу маселелери көтөрүлдү. Бул багытта эл аралык тажрыйбага таянуу зарылдыгы белгиленди. Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан бир катар сунуштар айтылып, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү органдарга айлана-чөйрөнү коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана көзөмөл механизмдерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Иш сапардын алкагында министр М.А. Машиев Ош облусундагы Министрликтин региондук өкүлчүлүгүнө барып, анын ишмердүүлүгү, приоритеттүү багыттары жана кадрдык камсыздалышы менен таанышты. Ошондой эле министр Ош шаарындагы таштандыларды сорттоо цехинин иши жана Экологиялык мониторинг департаментинин түштүк лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, атмосфералык аба, топурак жана суу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшү менен жеринде таанышты.
Маалымат үчүн:
2024-жылдын 31-майынан тарта Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо станциясы иштеп жатат. Бул объект Ош шаардык мэриясынын колдоосу жана «Таза Комплекс» компаниясынын катышуусу менен курулган.
Проект толугу менен инвестордун жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, инвестициянын жалпы көлөмү 97 миллион сомду түздү. Станция ишке киргенден кийин 80ден ашык жумуш оруну түзүлдү, келечекте алардын саны көбөйтүлөт.
Долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн негизги натыйжалар:
• Калдык көмүү көлөмүн кыскартуу жана жабык цикл экономикасына өтүү;
• Жаңы жумуш орундарын түзүү;
• Ош шаарында калдыкты өзүнчө жыйноо системасын өнүктүрүү;
• Экологиялык абалды жакшыртуу жана айлана-чөйрөгө болгон басымды азайтуу.