Министр М.А. Машиев Жалал-Абад шаарында Ведомстволор аралык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү

Жалал-Абад өрөөнү
Министр М.А. Машиев Жалал-Абад шаарында Ведомстволор аралык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү

2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиев Жалал-Абад шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын көчмө жыйынын өткөрдү.


Кеңешме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 130-р тапшырмасынын негизинде уюштурулду. Анын максаты – жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү.


Министр М.А. Машиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйынга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, облустун жетекчисинин тапшырмасы менен түзүлгөн облустук жумушчу топ, ошондой эле Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү жумушчу топтору катышты. Калган район-шаарлар жыйынга видеоконференция аркылуу кошулду.


Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар абанын булганышынын себептери, негизги булактары жана учурдагы көйгөйлөр тууралуу пикир алмашышты. Ошондой эле бул маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, башкарууну жана көзөмөлдү күчөтүү, заманбап экологиялык стандарттарды киргизүү боюнча сунуштар айтылды.