Министр Медер Машиев Ысык-Көл регионалдык башкармалыктын жана СЭТН кызматкерлери менен Ысык-Көл облусунда жолугушуу өткөрдү

Ысык-Көл өрөөнү
Министр Медер Машиев Ысык-Көл регионалдык башкармалыктын жана СЭТН кызматкерлери менен Ысык-Көл облусунда жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Ысык-Көл облусундагы региондук башкармалыктын жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (СЭТН) кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун негизги темалары — экологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана инспекциялык потенциалды өнүктүрүү. Талкуунун жүрүшүндө төмөнкү артыкчылыктуу милдеттер көтөрүлдү: жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, мыйзам бузуучуларга карата чараларды катуулатуу, үзгүлтүксүз экологиялык рейддерди өткөрүү жана экологиялык жана техногендик мыйзам бузууларды аныктоодо СЭТНдин ролун жогорулатуу.


Инспекция кызматкерлери учурдагы негизги көйгөйлөр — кадрлардын, транспорттун жана жабдуулардын жетишсиздиги тууралуу айтып, практикалык иш тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Министр бул багытта министрлик тарабынан каралып жаткан төмөнкүдөй чараларды белгиледи:


материалдык-техникалык базаны чыңдоо;


инспекторлорду мотивациялоо системасын өркүндөтүү;


экологиялык мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү боюнча ыйгарым укуктарды кеңейтүү.


Мындан тышкары, министр төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурду:


полигондордун жана тазалоо жайларынын ишин көзөмөлдөө;


жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акы жыйноону башкаруу;


калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү;


мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү.


Жолугушуунун жыйынтыгында башкармалык жетекчилигине бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди, анын ичинде региондогу көзөмөл ишмердүүлүгүнүн абалы боюнча аналитикалык маалымат даярдоо.


Министр кызматкерлерге кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Экология — бул жаратылыш ресурстары гана эмес, аларды коргоо үчүн күн сайын эмгектенген адамдар. Келечек муундардын кызыкчылыктары кандай корголору дал ушул сиздердин ишиңиздерден көз каранды».