Министр М. Машиев: "Жай мезгилин натыйжалуу өткөрүү” – башкы максат

Чүй өрөөнү
Министр М. Машиев: "Жай мезгилин натыйжалуу өткөрүү” – башкы максат

Медер Машиев 2025 жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиянын алкагында  орун басарлары К. Касейинов, М. Аманкулов, А.Раимкулова, М. Жусупбковдун, катышуусу менен министрликтин, Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын аймактык башкармалыктарынын башчылары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. 


Жолугушуунун башкы темасы аймактардагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу болду. Министр жер-жерлерде, өзгөчө жай  мезгилинде туристтер жана эс алуучулар көбөйүп жаратылышка ашыкча оордук болоорун ,  баса белгиледи. 


"Региондордун иши Министрликтин ишмердүүлүгүндө локомотив болушу керек. Биз жер — жерлерде көзөмөлдү күчөтүп, милдеттерди аткарууну активдештирүүбүз керек", - деп белгиледи М.Машиев. 


Министр Ысык-Көл облусуна өзгөчө көңүл буруп, Президенттин жарлыктарын ыкчам аткаруу зарылдыгын белгиледи. Бир нече мамлекеттик органдар биригип экологиялык коопсуздукту камсыздап жатканын жана алардын ичинен министрликте жоопкерчилик көп экенин айта кетти.  Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар министрликтин аймактардагы ишин жакшыртуу жана активдештирүү боюнча өз сунуштарын айтышты