Министр М. Машиев жаңы ишке кирип жаткан питомниктин иши менен таанышты
21-июль 2025, 13:36
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бишкек шаарындагы жеке инвесторлордун катышуусу менен түзүлгөн токой питомнигинин өнүгүшү менен таанышты.
Бүгүнкү күндө пилоттук тартипте 2–3 жер участогу питомник салуу үчүн берилген. Инвесторлордун бири жылына 200 миң даана көчөт өндүрүүгө даяр экенин билдирди. Министрге 24 гектар аянтты ээлеген алгачкы питомник көрсөтүлдү.
«Биз сатып алган техниканы көрсөткүбүз келет — бул дарак көчүргүч жабдуу. Быйыл биз 12 миң даана гибрид теректерди отургуздук. Ал кебез чыгарбайт, жылына эки метрге чейин өсөт, түз сөңгөгү жана бийик таажысы бар. Бутактарын кырккандан кийин алынган калемчелер кайра отургузууга пайдаланылат. Үч жылдан кийин бул жер толук кандуу токой массивине айланат», — деп белгиледи Бишкек шаарынын вице-мэри Р. Алиев.
Ошондой эле министр убактылуу сакталган куураган жана кыйылган дарактар жайгашкан кампаны да көрүп чыкты. Алардын айрымдары Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн алынган. Р. Алиевдин айтымында, мындай дарактар кайрылуу негизинде, акысыз жана муктаж адамдарга гана берилет.
Министр М.А. Машиев бул демилгени жогору баалап, анын жашылдандыруу маселелерин чечүүдөгү маанисин белгиледи: «Эгер бул чарба өнүксө, шаардын жашылдандыруу маселелери толук чечилет. Мен ишенем, келерки жылы бул жерде толук кандуу питомник иштеп калат. Жабык тамыр системасынын аркасында шаарды жыл бою жашыл көчөттөр менен камсыз кыла аласыздар», — деди министр.
Питомник чарбасын өнүктүрүү шаарлар менен айылдарды туруктуу жашылдандырууга, көчөттөрдүн сапатын жогорулатууга жана чет өлкөдөн көчөт алып келүүгө болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.