Министр М.Машиев климаттын өзгөрүү маселелерине арналган масштабдуу жаштар конференциясына катышты

Чүй өрөөнү
Министр М.Машиев климаттын өзгөрүү маселелерине арналган масштабдуу жаштар конференциясына катышты

2024-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев Борбордук Азиядагы жана Афганистандагы климаттын өзгөрүүсү боюнча жаштардын жана балдардын аймактык RCOY конференциясына -  катышты. Конференция ЮНИСЕФ, ПРООН жана Юнисон топторунун колдоосу менен КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулду.

Катышуучуларга кайрылып жатып, министр М.Машиев Борбордук Азиядагы жана Ооганстандагы климаттын өзгөрүүсү боюнча жаштардын жана балдардын аймактык конференциясынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүгүн Кыргызстандын чок ортосунда өтүп жаткан жолугушуу жаштардын аймакты өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн гана эмес, ошондой эле глобалдык экологиялык чакырыктарды чечүүгө биздин бирдиктүү умтулуубузду да билдирет».

«Климаттын өзгөрүшү биздин аймакка гана эмес, бүткүл дүйнөгө дуушар болгон көйгөй. Анын кесепеттери ар бир өлкөгө, ар бир коомчулукка жана ар бир адамга таасирин тийгизет. Биз азыркы жана келечек муундардын туруктуу келечегин камсыз кыла турган чечимдерди биргелешип табышыбыз керек, деп баса белгиледи министр.

Ал ошондой эле: «Бүгүнкү дүйнө бизден көйгөйлөрдү түшүнүүнү эле эмес, өз ара жардамдашуу, жаңычылдык жана кайраттуулукка негизделген чечимдерди табууну да талап кылат. Климаттын өзгөрүшү адамзат үчүн эң орчундуу коркунучтардын бирине айланган доордо биздин планетаны сактап калуу үчүн күрөштө чечүүчү ролду жаңы идеялардын жана элдешкис энергиянын алып жүрүүчүсү – жаштар жана балдар ойношот», - деп жыйынтыктады министр М. Машиев.

RCOY 2024 климатты каржылоо, тоо экосистемалары, гендердик адилеттүүлүк, ошондой эле климаттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана климаттык саясатка жаштарды тартуу сыяктуу негизги темаларды карайт.

Катышуучулар климаттык аракеттер боюнча атайын жаштар билдирүүсүн иштеп чыгышат. Алар ошондой эле климаттык күн тартибине балдарды жана жаштарды тартуу, ошондой эле жаштар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.

Бул билдирүүлөр жана материалдар Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын - COP29 Тараптарынын Конференциясынын 29-сессиясынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк жаштар конференциясынын (БОЖ) 19-сессиясында сунушталат, Азербайжан Республикасында.