Министр М.Тургунбаев эко активисттер менен кеңейтилген жолугушуу ɵткɵрдү

Чүй өрөөнү
Министр М.Тургунбаев  эко активисттер менен кеңейтилген жолугушуу ɵткɵрдү

Министр М.Тургунбаев кеңейтилген форматта, экология багытында эмгектенген активисттер, уюмдардын ɵкүлдɵрү менен жолугушту.

Жолугушууга 60 жакын активист катышып, үч саат бул тармактагы кɵйгɵйлүү маселелер талкууланды. Министрлик менен активдүү, жигердүү кызматташкан “Мувгрин”-коомдук бирикмесине, “Жашыл Альянс”-уюмунун башкаруу мүчɵсүнɵ, “Биом”-экологиялык кыймылынын ɵкүлүнɵ, жана климат боюнча эксеперт А.Темирбековго, Кɵз карандысыз экологиялык экспертиза  коомдук бирикмесинин жетекчиси О.Печенюктарга министрликтин грамоталары тапшырылды. 

 Жолугушуу суроо-жооп форматында ɵтүп, топтолгон актуалдуу маселелерге министр ɵзү жооп берди. Иштелип чыгылган пластик буюмдарына тыюу салуу мыйзамы боюнча, кɵп маселелер айтылды. М.Тургунбаев ɵз кезегинде бардык сунуш-пикирлер менен эске алынаарын белгиледи.

Биотүрдүүлүк багытында дагы бир топ маселелер кɵтɵрүлдү. Куштарды кармоодо лицензияларды берүү, бракеньерликке каршы иштерди күчɵтүү, ɵзгɵчɵ корголуучу жаратылыш аймактарындагы геопаркттарды түзүүдɵ коомчулуктун пикирин эске алууну, ал аймактардагы тазалык маселелерин катуу кɵзɵмɵлгɵ алуу боюнча пикирлер айтылды. 

Абанын булганышы боюнча бир катар, пикирлер, сунуштар айтылып, министрликтин бул багыттагы иштери жакшы пикирлерди жаратты жана министр аталган тармак “биздин веомствонун приоритеттүү багыттарынан”-деп белгиледи М.Тургунбаев. 

Ошондой эле, экологиялык сабаттуулук, маалыматтык-кампанияларды ишке ашыруу, билим берүү министрлиги менен бир катар долбоорлор ишке ашырылышы керектигин, экологиялык маданияттуулукту жайылтуу азыркы приоритеттүү багыттар экенин айтышып, келечек муунга керемет жаратылышыбызды жакшы деңгээлде ɵткɵрүп берүү башкы милдет экенин баса белгилешип,  мындай жолугушуулар тез-тез болуп турса жакшы болоорун жана министрлик экология маселелерин чечүүдɵ жалгыз эместигин айтып ɵтүштү.