Министр М.Тургунбаев менен ЕККУнун программалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алексей Рогов кызматташтык Планына кол коюшту
04-апрель 2024, 10:34
2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ортосундагы 2024-жылга карата кызматташтык планына кол коюшту.
Бул План айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, ошондой эле үстүбүздөгү жылга Орхус Конвенциясын ишке ашыруу жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарын камтыйт.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр М.Тургунбаев экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.