Министр М.Тургунбаев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви мырзаны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Кызматташтыгы үчүн” медалы менен сыйлады
29-март 2024, 14:56
Министр М.Тургунбаев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви мырзаны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Кызматташтыгы үчүн” медалы менен сыйлады.
2024-жылдын 29-мартында Министр М.Тургунбаев Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы башчысы Навид Хасан Накви мырза менен жолугушту.
«Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүдө маанилүү ролду ойногон Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун алкагында жаңы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүдө, республиканын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоодо практикалык натыйжаларга жетишилди " - деп белгиледи министр М.Тургунбаев. Дүйнөлүк банктын колдоосунун аркасында 2013-жылы Кыргызстандын демилгеси менен Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча Биринчи Дүйнөлүк форум өткөрүлгөнүн жана Ак илбирс байырлаган өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн негиз түзгөн GSLEP Глобалдык программасы түзүлгөнүн өзгөчө баса белгиледи жана ошондой эле кызматташуунун башка да тармактарын санап өттү.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин экологияга кошкон зор салымы үчүн "Кызматташтык үчүн" медалын тапшырды жана ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.