Министр М. Тургунбаев жер казынасын пайдалануучулар менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү

Чүй өрөөнү
Министр М. Тургунбаев жер казынасын пайдалануучулар менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү

28-февраль 2024-жылы министр коомчулук менен иштөөнү активдештирүүнүн алкагында өлкөнүн жер казынасын пайдалануучулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга министрдин орун басары-Кыргыз Геологиялык кызматынын директору Э.Осмонбетов, министрдин орун басары А. Раимкулова, Кыргыз Геология кызматынын бардык бөлүмдөрүнүн башчылары жана башкармалыктын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр М.Тургунбаев жер казынасын пайдалануучуларга 2023-жылы геология тармагында аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Ошондой эле жолугушуунун катышуучуларын 2023-жылдын апрель айында өткөн жолугушууда берилген бардык суроолор боюнча тааныштырды. "Биз ар бир жаран менен ар дайым ачык жана кызматташууга даярбыз", - деди министр.

Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы 2023-жылы 2022-жылы 31,5 млрд.сом, 2023-жылы 33,07 млрд. сом мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон. 2023-жылы жалпысынан 192 лицензия берилген.          Жер казынасын пайдалануучулар экологиялык экспертизалар, лицензияларды берүү, жогоруда аталган тармакты санариптештирүү боюнча суроолор берилип . Тармакты өнүктүрүүнүн жана квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясы менен ишти күчөтүү жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Аймактарда социалдык программаларды жана долбоорлорду жайылтуунун жана түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүү жөнүндө. Андан соң Кыргыз Геологиялык кызматынын карамагындагы Борбордук лабораториянын директору К.Мурзабеков жер казынасын пайдалануучуларга жүргүзүлүп жаткан реформалар жана лабораториянын иши боюнча бул тармактын ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, министрликтин   маанилүү тармактык маселелерин чечүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Министрлик менен тыгыз, кесипкөй кызматташуусу менен айырмаланган бир нече адам "кызматташтык үчүн" медалы жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. 

"Биз бул сыйлыктар ар бир жер казынасын пайдалануучу тарабынан бул тармактын өнүгүшүнө чексиз салым кошуп, стимул болуп беришин каалайбыз" - деди министр М.Тургунбаев.

Жолугушуу конструктивдүү-иштиктүү достук маанайда аяктады. Катышуучулар министрге өлкөнүн тоо-кен тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бул аянтчаны уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдиришти.