Министр М.Тургунбаев Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин ɵкүлү Масаси Ватанабэ менен жолугушту

Чүй өрөөнү

2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын жаратылышты ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Тургунбаев Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Масаси Ватанабэ менен жолугушту. 

Жолугушунун журүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы экологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Меморандум жана Биргелешкен кредит механизми жана жүргүзүлүп жаткан иш аракетттер тууралуу сөз болду. Министр М.Тургунбаев Биргелешкен кредит механизмин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштер менен маалымат бөлүштү. Жакынкы арада аталган механизмдин талаптарына ылайык жол картасы жана башка министрликтер жана ыйгарым укуктуу органдары менен жумушчу топ түзүлөөрүн маалымдады. 

Япон тараптан Масаси Ватанабэ Япониянын “Japan’s Energy Policy for Net-zero emission Society by 2050” долбоорунун негезинде абага таштынды чыгарбоо боюнча аткарылып жаткан иштери жана пландары менен бөлүшүп жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлери менен тажрыйбаларын бөлүшүү жана аларды окутууга кызыктар экенин билдирди.