Министр М.Тургунбаев Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун (ОЭСР) Башкы катчысынын орун басары Фабриция Лапекорелла айым менен жолугушту.

Чүй өрөөнү

Стамбул өнүктүрүү диалогу 2024 алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев менен Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун (OECD) Башкы катчысынын орун басары Фабриция Лапекорелла менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйында климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу жана климаттык инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын биргелешкен иш-аракеттеринин зарылчылыгы баса белгиленди.

Министр М.Тургунбаев Кыргыз Республикасы экологиялык долбоорлорду тартууга, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Лапекорелла айым Кыргыз Республикасынын кошкон салымын, ошондой эле “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү” диалогун киргизүү демилгесин көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселе катары белгиледи.