Баткен облусу: Министр Баткен облусунун уникалдуу жерлерин коргоону күчөтүүнү тапшырды.
10-март 2026, 14:36
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Акыл Токтобаев Баткен облусуна болгон иш сапарында Кызыл китепке кирген атактуу Айгүл гүлү өскөн "Айгүл-Таш" коругуна барды.
Ведомство башчысы Баткендин бул символу өзгөчө көңүл бурууга муктаж экенин баса белгилеп, инспекторлорго коруктун аймагы бүтүн бойдон жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө эч ким зыян келтирбеши үчүн катуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле министр мындан миллиондогон жылдар мурда байыркы дүйнөнүн түбү болгон түркүн түстүү тоолору бар дүйнөлүк маанидеги "Мадыген" жаратылыш эстелигине барды.
"Мадыген-бул биздин жалпы жаратылыш байлыгыбыз, аны келечек муундар үчүн сактоого милдеттүүбүз", - деди министр.
Мындан тышкары, инспекторлорго корук жайларындагы жаныбарлардын жашоосуна адамдын зыяндуу кийлигишүүсүн болтурбоо тапшырмасын берди.
Бул уникалдуу бурчтардын кооздугун жана тунгучтугун эч бир иш бузбашы керек – деп жыйынтыктады министр Акыл Токтобаев.