Жаратылыш ресурстары министри А.Т. Токтобаев жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Өлкөлүк директору Коджиро Накай климаттык кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулашты

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министри А.Т. Токтобаев жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Өлкөлүк директору Коджиро Накай климаттык кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Т. Токтобаевдин БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк директору Коджиро Накай мырза менен жолугушуусу өттү.


 Жолугушуунун жүрүшүндө Министр А.Т. Токтобаев БУУ ДАТП менен климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү биргелешкен ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн, атап айтканда, «Кыргыз Республикасында климаттык тейлөө жана климатка сезимтал жашоо каражаттарын диверсификациялоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөн аялуу жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында жетишилген натыйжаларды белгилеп, жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Коджиро Накай мырза А.Т. Токтобаевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, жигердүү иш алып баруусу жана өз ара аракеттенүүсү үчүн ыраазычылыгын айтты.


 Жолугушуунун алкагында ал кызматташтык чөйрөсү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, өлкөнүн климаттын өзгөрүүсү жаатындагы артыкчылыктары менен милдеттенмелерин ишке ашыруу, ошондой эле БУУнун КӨРК алкагындагы Тараптардын конференцияларына даярдык көрүү маселелерин да камтый турганын маалымдады. БУУ ДАТПнын Өлкөлүк директору жогоруда аталган долбоор аяктап жатканын, ошол эле учурда уюм Жаратылыш ресурстары министрлиги менен ишти улантууга жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи.


 Жолугушуунун соңунда тараптар келечектеги кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын талкуулап, аны андан ары бекемдөөгө ишеним артышты.