Кыргыз Республикасы климаттык долбоорлордун сапаттуу улуттук портфелин түзүүдө Жашыл климаттык фонддун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да натыйжалуу пайдаланууга кызыкдар. Мындай долбоорлор ири инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасы климаттык долбоорлордун сапаттуу улуттук портфелин түзүүдө Жашыл климаттык фонддун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да натыйжалуу пайдаланууга кызыкдар. Мындай долбоорлор ири инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен аймактык диалогуна катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр климаттын өзгөрүшү айрым мамлекеттердин чегинен чыккан тобокелдиктерди жаратып жатканын белгиледи. Анын айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн суу ресурстарына тийгизген таасири, кургакчылык, сел, суу ташкындары жана башка өзгөчө жаратылыш кубулуштары аймактардын аялуулугун жогорулатып, чек ара аралык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Акыл Токтобаев натыйжалуу аймактык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү шарты катары бирдиктүү система түзүү эмес, буга чейин иштеп жаткан улуттук институттарды жана механизмдерди бириктирүү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Бул өзгөчө тоолуу аймактар үчүн маанилүү. Анткени климаттык өзгөчө кубулуштар аймактык деңгээлдеги кесепеттерге алып келиши мүмкүн», — деп белгиледи министр.

Өз сөзүндө министр тоолуу экосистемалардын жана аймактардын туруктуулугун жогорулатууга да өзгөчө көңүл бурду. Кыргызстан үчүн тоолуу экосистемаларды сактоо жана калыбына келтирүү климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кыргызстан тарап экосистемаларды калыбына келтирүү, айыл аймактарынын туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле калкты жана инфраструктураны климаттык тобокелдиктердин кесепеттеринен коргоо маселелеринде аймактык кызматташтык үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилейт. Мында аймактык демилгелер ар бир мамлекеттин улуттук артыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алышы керек.

Диалогдун дагы бир маанилүү темаларынын бири — жалпы климаттык артыкчылыктарды конкреттүү инвестициялык долбоорлорго айландыруу болду. Ушул өңүттө министр Кыргыз Республикасынын Жашыл климаттык фонд менен мындан аркы кызматташтыгын улантуунун жана өлкөнүн эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бүгүнкү күндө Жашыл климаттык фонд Кыргызстанда жалпы суммасы 117,3 млн АКШ долларына жакын болгон алты долбоорду жактырды. Мындан тышкары, «Readiness» программасынын алкагында 5,3 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат берилген.

Сөзүнүн соңунда Акыл Токтобаев аймактагы мамлекеттер, эл аралык каржы институттары жана улуттук уюмдар ортосундагы практикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, конкреттүү климаттык демилгелерди ишке ашырууда биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгиледи.


Аймактык ЖКФ диалогу 2026-жылдын 6-октябрында Грузиянын Тбилиси шаарында өтүүдө. Анын алкагында улуттук жана аймактык инвестициялык артыкчылыктар, Country Platforms, жеке сектордун катышуусу, көмүртек рыноктору, долбоорлорду даярдоо, Readiness, Project Preparation Facility жана Жашыл климаттык фонддун (ЗКФ) ресурстарына жетүү механизмдери талкууланууда.