Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Банкты Жашыл климаттык фондго (ЖКФ) аккредитациялоонун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
28-август 2026, 13:04
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын ЖКФга аккредитациялоого даярдоо боюнча практикалык кадамдар, анын ичинде институционалдык даярдыгын баалоо, экологиялык жана социалдык стандарттарга шайкештиги, тобокелдиктерди башкаруу механизмдери жана климаттык долбоорлордун портфелин түзүү маселелери талкууланды.
Тараптар эл аралык климаттык каржылоону тартуу өлкөнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилешти. Банктын ЖКФга аккредитацияланышы Кыргыз Республикасынын климаттык каржылоо ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана аларды климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана төмөн көмүртектүү өнүгүү жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багыттоого мүмкүнчүлүк берет.
Министр Акыл Токтобаев өлкөдө эл аралык климаттык каражаттарды тартууга гана эмес, аларды улуттук финансылык институттар аркылуу артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багыттоого жөндөмдүү туруктуу улуттук финансылык архитектураны калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.