Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев MTA International Mining Inc. (MTAIC, Түркия Республикасы) компаниясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев MTA International Mining Inc. (MTAIC, Түркия Республикасы) компаниясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев MTA International Mining Inc. (MTAIC, Түркия Республикасы) компаниясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны Башкы директор Наил Йылдырым жетектеп келген. Жолугушуу Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда тоо-кен өндүрүш тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдөгү кезектеги кадам болду. 

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн перспективдүү багыттарын карашып, алардын катарында:

* биргелешкен геологиялык чалгындоо иштери жана методологиялык тажрыйба алмашуу;

* пайдалуу кендерди чалгындоо, казып алуу, байытуу жана кайра иштетүүдө заманбап технологияларды киргизүү;

* кадрларды даярдоо, адистердин тажрыйба алмашуудан өтүшү жана эки өлкөнүн профилдик мекемелеринин ортосундагы илимий кызматташуу;

* сейрек кездешүүчү жер элементтери жана критикалык маанилүү минералдар тармагында биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору каралды.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын апрель айында министр Акыл Токтобаев Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (OECР) стратегиялык мааниге ээ минералдар боюнча форумуна катышып келген. 

Анда ал Кыргызстанда эл аралык отчеттуулук стандарттары киргизилип жатканын жана маалыматтарды ачык жарыялоо боюнча талаптар күчөтүлгөндүгүн белгилеген. Ал кадамдар инвесторлордун жана коомчулуктун ишенимин арттырууга багытталгандыгы айтылган.

Иш чаранын алкагында министр Акыл Токтобаев Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Альпарслан Байрактар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, тараптар жер казынасын пайдалануу тармагындагы келечектүү багыттарды жана мындан аркы кызматташуунун маселелерин талкуулашкан.