Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев «Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында бир күндүк иш күнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрдү
30-июнь 2026, 09:50
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев «Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында бир күндүк иш күнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрдү.
Алгач Акыл Токтобаев УТРКнын «Биринчи радиосуна» маек берип, андан соң Министрлер Кабинетинин видеоконференция форматында өткөн жумушчу кеңешмесине катышты.
Кеңешмеден кийин министр журналисттердин суроолоруна жооп берип, ЖМК өкүлдөрүн геологиялык изилдөөлөрдүн архиви менен тааныштырды. Ошондой эле архивдик документтерди санариптик форматка өткөрүү иштери тууралуу маалымат берди.
Учурда архивдик документтердин 36 пайызы санариптештирилди. Жалпысынан өлкөдө пайдалуу кендер боюнча акыркы 50 жыл ичинде топтолгон 14 миңден ашык архивдик документ сакталууда. Алардын бардыгы этап-этабы менен бирдиктүү санариптик базага өткөрүлүүдө.
Ошону менен катар министрлик өз ишмердүүлүгүн жана жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү процесстерин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы белгиленди. Бул багыттагы иштер коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана сапатын жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, «Бирдиктүү терезе» долбоорунун ишке ашырылышы жарандардын мамлекеттик кызматтарды алуу процессин кыйла жеңилдетет.
Андан соң министр Акыл Токтобаев ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте Новопавловка айылындагы №118 мектепте ишке ашырылган жылуулук насостук системасы менен таанышты. Бул долбоор Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтууга багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат. Анткени имарат көмүрдүн ордуна экологиялык жактан таза жылуулук насостук системасы аркылуу жылытылат.
Мындай жылытуу ыкмасы экономикалык жактан да кыйла үнөмдүү. Тактап айтканда, жылуулук насостук системасын колдонууда бир кышкы сезонго болжол менен 300 миң сом сарпталса, мурда көмүр менен жылытууга бир жылытуу мезгилинде 1 миллион 800 миң сомго жакын каражат жумшалган.
Ошондой эле министр Мраморное айылындагы министрликтин координациясы менен ишке ашырылган тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын кайра иштетүүчү ишканада болду. Ал ишкананын айлана-чөйрөнү коргоодогу, экологиялык коопсуздукту камсыздоодогу жана калдыктарды натыйжалуу пайдалануудагы маанилүү ролуна токтолду.
Белгилей кетсек, буга чейин тигүү өндүрүшүнүн калдыктары өрттөлүп, атмосфералык абаны булгап келсе, учурда алар кайра иштетилип, күнүмдүк турмушта колдонулуучу тиричилик буюмдары өндүрүлүүдө. Бул продукциялар Кыргызстанда гана эмес, коңшу мамлекеттерге да экспорттолууда.
Медиадолбоордун алкагында министр Акыл Токтобаев “Кабар” маалымат агентигинин журналисти Элизат Садыралиеванын подкастына маек куруп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.











