Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда Базарбаев атындагы “Кара-Тал Жапырык” жана “Нарын” мамлекеттик жаратылыш коруктарында болду
25-июнь 2026, 11:56
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда Базарбаев атындагы “Кара-Тал Жапырык” жана “Нарын” мамлекеттик жаратылыш коруктарында болду.
Анда Нарын жаратылыш коругунда орун алган музейди реконструкциялоо маселеси көтөрүлдү. Музей 2016-жылдан тартып каралбай калган. Анда каман, кулжа, аркак, бугу-марал, аюу, чымчыктардын 20дан ашуун түрлөрүнүн ж.б жаныбарлардын экспонаттары бар. Учурда имараттын да, экспонаттардын да абалы көңүл жылытаарлык эмес. Министр музейдин ишин кайрадан толук кандуу жандандыруу үчүн атайын акча каражаттары бөлүнө тургандыгын билдирди.
Андан сырткары, Акыл Токтобаев Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын курулуш иштери менен таанышып, жооптуу тараптарга иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана так аткарууну, ошондой эле ар бир этапта курулуш сапатына катуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.
Аймактык башкармалыктын жаңы имараты эки кабаттан турат. Курулуш-монтаждоо иштери 2026-жылдын май айынан башталып, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо этаптарын да камтыган. Бүгүнкү күндө курулуштун жалпы көлөмүнүн болжол менен 15% аткарылды. Имараттын жер төлө бөлүгүнүн монолиттик бетон иштери толук бүткөн.
Жаңы административдик имараттын курулушу аймактык башкармалыктын иштөө шарттарын жакшыртууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.