Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев КНИА “Кабар” агенттигине видео-интервью берип, министрликтин негизги багыттары, климаттын өзгөрүшү, атмосфералык абанын сапаты жана Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо маселелери тууралуу айтып берди
15-июль 2025, 14:18
Министр 2025-жылдын 4–5-апрелинде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Борбор Азиялык климат форумуна Кыргызстандын делегациясынын катышуусу тууралуу кеңири маалымат берди. Иш-чара климаттык саясат, туруктуу өнүгүү жана аймактык экологиялык кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн региондогу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултту. Кыргыз Республикасынын делегациясын Президент Садыр Жапаров жетектеди.
Министр Машиев жогорку деңгээлдеги диалогдун алкагында “Климаттын өзгөрүшү: келечекти биргелешип калыптандыруу” темасында сөз сүйлөп, климаттык чакырыктарга каршы күрөшүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.
Эки тараптуу жолугушуулар
Форумдун жүрүшүндө министр бир катар маанилүү эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү:
Монголиянын климат жана экология министри Солдан Одонтуя айымы менен жолугушууда чөлгө айлануу, жер деградациясы жана суу тартыштыгы тууралуу маселелер талкууланды. Монголия “Бир миллиард дарак” демилгеси жана таза технологиялар боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Е.Нысанбаев менен 2026-жылы Казакстанда өтө турган климаттык саммитке даярдык маселелери талкууланды.
Өзбекстандын экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министри А.Абдухакимов менен жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандын тийиштүү министрликтери Green University (Жашыл университет) боюнча меморандумга кол коюшту. Бул документтин алкагында кыргызстандык студенттер бакалавриат жана магистратура программалары боюнча экологиялык адистиктерде окууга мүмкүнчүлүк алышат.
Кыргыз тарап ошондой эле калдыктарды башкаруу жана “жашыл” технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташууну кеңейтүү сунушун билдирди.
Жаштар менен диалог
Министр “Жаштар келечекке үмүт менен карайт” аттуу иш-чарага катышып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн экология министрлери, эл аралык уюмдар жана жаш активисттер менен жолугушту. Машиев мырза Кыргызстандын жаңыртылган ОНУВ (Улуттук салымдардын аныкталган жобосу) документи жаштардын кызыкчылыктарын эске аларын, климаттык саясатта социалдык адилеттүүлүк принциптери камтыларын белгиледи.
Министрликтин ЮНИСЕФ, Жашыл климаттык фонд жана ПРООН сыяктуу өнөктөштөр менен биргелешкен иштери келечек муундардын укуктарын жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган программаларды камтыйт.
Улуттук климаттык демилгелер
Министр Медер Машиев Улуттук адаптация планынын (НАП) даярдалып жатканын белгилеп, анын негизги багыттары билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын туруктуулугун камсыздоо жана жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүү болорун айтты.
Министр климаттык өзгөрүүгө каршы туруктуу каржылоо механизмдерин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан 2024-жылы иштеп чыккан климаттык каржылоо концепциясы жана жол картасы регион үчүн үлгү боло аларын баса белгиледи.
Министрликтин реформалары
Министр Машиев Министрликте жүрүп жаткан негизги реформалар тууралуу да айтып өттү:
Экологиялык жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү.
2025-жылдан тартып текшерүү боюнча мораторий алынып салынды. Учурда пландуу текшерүүлөр жандандырылып, экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Санариптештирүү жана бюрократияны кыскартуу.
«Бирдиктүү терезе» системасы жаңыртылып, өнөр жай коопсуздугу боюнча инженерлер үчүн электрондук тестирлөө киргизилүүдө. Ошондой эле аба, суу жана топурактын абалын реалдуу убакытта көзөмөлдөөчү автоматташтырылган системалар түзүлүүдө.
Экологиялык төлөмдөрдү реформалоо.
Министрлик айлана-чөйрөнү булгандандыгы үчүн төлөмдөрдү көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды кеңейтүү максатында мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат.
Жер казынасын пайдалануу тармагын жакшыртуу.
Жергиликтүү калк менен кен иштетүүчүлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктерди азайтуу максатында ачыктыкты жогорулатуу жана диалог куруу иштери жүрүүдө. Кыргызстандын критикалык минералдар стратегиясы даярдалып жатат. Мындан тышкары, электрондук аукциондор ишке киргизилип, лицензия алуу жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүүдө.
Бишкек шаарындагы абанын сапаты
Министр Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаалга өзгөчө токтолду:
Бишкек Чүй өрөөнүндө жайгашып, кыш мезгилинде температуралык инверсиянын айынан булгануучу заттар топтолуп калат;
Булгануунун негизги булактары — көмүр жана отун менен жылытуу, транспорт жана таштандыларды ачыкча өрттөө;
Жай айларында шамал булгануучу заттарды таратып, абал бир аз жеңилдейт, бирок чаң жана жашыл аянттардын аздыгы экологиялык кырдаалды начарлатат.
Министрлик абанын сапатын жакшыртуу боюнча аракеттерди улантып, жарандарды айлана-чөйрөнү таза сактоо үчүн жапырт аракеттерге чакырууда.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерди мындан ары да системдүү түрдө улантат.