Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өткөн «BBNJ First Movers» жогорку деңгээлдеги иш-чарасына катышты

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өткөн «BBNJ First Movers» жогорку деңгээлдеги иш-чарасына катышты.

Өз сөзүндө министр улуттук юрисдикциядан тышкаркы аймактардагы деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө келишимдин (BBNJ) күчүнө киришинин тарыхый маанисин белгилеп, аны натыйжалуу, инклюзивдүү жана эл аралык кызматташтыкка негизделген тартипте ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасы аталган келишимге 2025-жылдын 17-июлунда кол коюп, 2025-жылдын сентябрь айында ратификациялаган. Кыргызстан үчүн келишим 2026-жылдын 17-январында күчүнө кирген.

Акыл Токтобаев Кыргызстандын деңизге түз чыга албаган өлкө экенине карабастан, Дүйнөлүк океанды сактоону эл аралык коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги катары карай турганын белгиледи. Анткени океандар, тоолор, мөңгүлөр, дарыялар жана кургактыктагы экосистемалар өз ара байланышкан бирдиктүү жаратылыш тутумунун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат, - деп кошумчалады өз сөзүндө министр.