Министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики дал интервью международному изданию Gulf News

Чүй өрөөнү
Министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики дал интервью международному изданию Gulf News

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри эл аралык Gulf News басылмасына маек берди

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бириккен Араб Эмираттарынын ири ишкердик багыттагы англис тилдүү Gulf News эл аралык гезитине маек берип, министрликтин ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагынын өнүгүү багыттары жөнүндө кеңири маалымат берди.

Маектин негизги багыттары — мамлекеттик башкаруудагы реформалар, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу маселелери болду.

Төмөндө министрдин маегинин негизги ойлору келтирилет.

Реформалар тууралуу

Министр белгилегендей, акыркы жылдары министрлик өз ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кеңири реформаларды ишке ашырууда.

1. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү.

Министрлик экологиялык жана өнөр жай коопсуздугун сактоо жаатындагы көзөмөл ишин жакшыртуу боюнча системдүү иштерди улантууда.

2. Санариптештирүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу.

«Биз мамлекеттик башкарууну санариптештирүү аркылуу реформалоону улантып жатабыз. Учурда “Бирдиктүү терезе” системасын жаңылоодо иш жүрүп жатат — бул уруксат берүү процесстериндеги кайталоолорду жоёт. Ошондой эле өнөр жай коопсуздугу багытындагы инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн электрондук тестирлөө системасын киргизүүдөбүз. Бул алардын билимин баалоодо ачыктыкты камсыздайт. Мындан тышкары, абанын, суунун жана топурактын абалын реалдуу убакыт режиминде байкоого мүмкүнчүлүк берген автоматташтырылган мониторинг системаларын түзүүдөбүз», — деди министр.

3. Экологиялык төлөмдөр системасын реформалоо.

Министр белгилегендей, айрым ишканалар экологиялык төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө төлөбөйт.

«Учурда министрлик бул багытта өз алдынча текшерүү жүргүзүү ыйгарым укуктарына ээ эмес. Биз мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп жатабыз — бул министрликке экологиялык төлөмдөрдүн аткарылышын өз алдынча көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузуулар аныкталганда чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи М.Машиев.

4. Жер казынасын пайдалануу тармагындагы абалды жакшыртуу.

Министр белгилегендей, айрым учурда жергиликтүү калк менен кен иштетүүчү компаниялардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралууда.

«Биз жергиликтүү жамааттар менен ишти күчөтөбүз, кен иштетүүчүлөрдүн ишинин ачыктыгын камсыздап, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алган диалог түзүүгө умтулабыз», — деди министр.

Тоо-кен тармагы тууралуу

Медер Машиев белгилегендей, тоо-кен өнөр жайы Кыргызстандын улуттук экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп саналат.

«Кыргыз Республикасы улуттук экономиканын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн бай жаратылыш ресурстарына ээ. Бул ресурстар калкты жумуш менен камсыз кылууда жана тоолуу аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө чоң роль ойнойт», — деди министр.

Тоо-кен тармагынын үлүшү өлкөнүн ички дүң продукциясында — 9,5%.

Бул тармакка багытталган инвестициялардын үлүшү — 41,2%, бул инвесторлордун жогорку кызыгуусун көрсөтөт.

Өндүрүш тармагынын жалпы көлөмүндөгү үлүшү — 56,5%.

Кыргызстандын ири иштеп жаткан кендери:

алтын — Кумтөр, Жерүй, Макмал;

көмүр — Каракече;

сурьма — Кадамжай кени;

уран — Кызыл-Омпол.

Келечектүү жана өнүгүүгө өбөлгө боло турган кендер:

критикалык минералдар жана сейрек кездешүүчү элементтер — Кызыл-Омпол, Кутессай-2, Калесай, Дельбек, Тутек;

сурьма — Шаркратма, Абшир;

темир — Жетим;

алтын — Апрель, Ункурташ–Сарытюбе–Каратюбе;

алюминий — Сандык, Катранбаш, Каранглин;

литий — Узунбулак.

2025-жылдын 1-январына карата мамлекеттик баланс боюнча катталган пайдалуу кен байлыктардын запасы төмөнкүдөй:

алтын — 973 тонна, жайма алтын — 7,4 тонна, күмүш — 1,1 миң тонна, жез — 960,4 миң тонна, коргошун — 47,7 миң тонна, цинк — 32,1 миң тонна.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын минералдык базасынын туруктуу өсүшүн тастыктайт.

Абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор

Министр ошондой эле Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор тууралуу айтып өттү.

М.Машиев KOICA — Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигине абанын сапатын жакшыртууга багытталган демилгеге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

2025-жылдын 20-августунда KOICA менен министрликтин ортосунда Талкуу протоколуна кол коюлган, бул документ Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу боюнча ири долбоорду расмий түрдө баштоо болуп саналат.

Бул демилге жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Маалымат үчүн

Gulf News — Бириккен Араб Эмираттарынын ири англис тилдүү ишкердик жана аналитикалык күндөлүк гезити. Басылма Перс булуңу жана Азия өлкөлөрүндө кеңири тарайт жана саясий, экономикалык жана маданий темаларды чагылдырат.