Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Кытай Эл Республикасынын Улуттук орман чарба жана жайыттар администрациясынын жапайы жаныбарларды сактоо департаментинин директору Вейшенг Ван мырзамен расмий жолугушуу өткөрдү

Ысык-Көл өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Кытай Эл Республикасынын Улуттук орман чарба жана жайыттар администрациясынын жапайы жаныбарларды сактоо департаментинин директору Вейшенг Ван мырзамен расмий жолугушуу өткөрдү

Кыргызстанда 2025-жылдын 5-6-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде Ак илбирсти сактоо блюнча глобалдык программасынын 9-Жетектөөчү комитетинин жыйыны өттү.

Бул жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Кытай Эл Республикасынын Улуттук орман чарба жана жайыттар администрациясынын жапайы жаныбарларды сактоо департаментинин директору Вейшенг Ван мырзамен расмий жолугушуу өткөрдү.

Министр Машиев Кытай тарапка GSLEP демилгесине активдүү катышып, колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстан экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында Кытай менен кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Кытайдын ак илбирс экосистемаларын сактоо боюнча аракеттери жогору баалангандыгы айтылды.

Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты, анын ичинде Куньмин биоалуулук фондунун алкагында ак илбирс экосистемаларын сактоо боюнча. Кыргыз тарап өлкөнүн тоолуу экосистемаларын жана биоалуулугун сактоо боюнча сунуштарды даярдоого даяр экендигин билдирди.

Министр GSLEP тарабынан иштелип чыккан ак илбирстин популяциясын баалоо боюнча универсалдуу PAWS (Population Assessment for the World’s Snow Leopards) методологиясынын маанилүүлүгүн белгиледи жана Кытай тараптын бул процессте ийгиликтүү жыйынтыктарга жетишүүсүнө ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Кытайга GBFF глобалдык демилгасынын алкагында снежный барс жашаган аймактарды OECM (Other Effective Area-based Conservation Measures) категориясына киргизүү боюнча сунуш айтылды.

Кыргыз тарап 23-октябрда белгиленүүчү Эл аралык снежный барс күнүн биргелешип белгилөө боюнча Кытайга чакыруусун билдирди. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 78-БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан ушул дата расмий Эл аралык Ак Илбирс күнү деп бекитилген.

Жолугушуунун аягында министр М.Машиев Кытай тараптын «Чолпон-Ата резолюциясын» колдоого алуусуна үмүт артып, кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендигин билдирди