Министр М.Машиев Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык конвенциясынын (РКИК ООН) Тараптар конференциясынын (КС30) 30-жыйынына катышууда. Иш-чара Бразилиянын Белен шаарында өтүп, дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн 50 миңге жакын делегатты чогултту.

Чүй өрөөнү
Министр М.Машиев Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык конвенциясынын (РКИК ООН) Тараптар конференциясынын (КС30) 30-жыйынына катышууда. Иш-чара Бразилиянын Белен шаарында өтүп, дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн 50 миңге жакын делегатты чогултту.
Министр М.Машиев Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык конвенциясынын (РКИК ООН) Тараптар конференциясынын (КС30) 30-жыйынына катышууда.
Иш-чара Бразилиянын Белен шаарында өтүп, дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн 50 миңге жакын делегатты чогултту.


17-ноябрда Министр М.Машиев КС30дун жогорку деңгээлдеги сегментин ачуу аземине катышты.
РКИК ООНдун Аткаруучу катчысы Саймон Стилл өлкөлөрдү чечүүчү чечимдерди кечиктирбөөгө жана сүйлөшүү процессин тоскоолдоого жол бербөөгө чакырды.


Бразилиянын вице-президенти Жералду Алкмин КС30 жаңы доордун башаты болушу керек экенин — талкуудан реалдуу жыйынтыктарга өтүүнү белгиледи. Ал Беленде кабыл алынган 2035-жылга чейин экологиялык жактан таза отундарды колдонуу көлөмүн төрт эсе көбөйтүү боюнча милдеттенмелерди эске салып, бул демилгеге 25 өлкө кошулганын билдирди. Ошондой эле биоэкономика жана декарбонизация багытындагы инновациялык чечимдерди издөөгө чакырды.


17-ноябрда COP30 Президенттигинин жетекчилиги алдында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча консультациялар өтүп, анын жыйынтыгында 2026-жылдын июнь айында Бонн шаарында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча Эксперттик диалог өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул РКИК ООН алкагында тоолорду институционалдык деңгээлде таанууга карай маанилүү кадам болуп саналат.


18-ноябрда Министр М.Машиев КС30 жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөдү. Министр өз билдирүүсүндө Кыргызстан абага эмиссиясы аз, бирок климаттык аялуулугу жогору өлкө экенин белгиледи. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстан мөңгүлөрдү жоготуп, жайыттардын деградациясына, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна жана табигый кырсыктардын көбөйүшүнө кабылууда.


Министр ошондой эле быйыл жаңыланган ОНУВ 3.0 документин сунуштаганын, анда эмиссияларды кыскартуу, кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана тоо экосистемалары менен жамааттарын адаптациялоо боюнча жогорулатылган максаттар камтылганын билдирди.


Кыргызстан Бишкекте Тоолуу райондордун туруктуулугу боюнча Глобалдык борборду түзүү демилгесин илгерилетүүдө. Бул борбор тоолуу өлкөлөр үчүн илимий кызматташуу, эрте эскертүү, маалымат алмашуу, адаптация технологиялары жана кадрларды даярдоо боюнча эл аралык платформа болуп кызмат кылмак.