Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев иш сапарынын алкагында Ананьево айылында жайгашкан Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругуна барды.

Чүй өрөөнү

Сапардын жүрүшүндө министр өткөн жылдын күз айларынан бери жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күндө реабилитациялык борбордун административдик имаратынын жери казылып, пайдубалы куюлду. Коруктагы имаратта да пайдубал куюу иштери аяктап, дубалдары тургузулууда.

Курулуш Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуу, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, жаратылыш мурасын сактоо жана сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү максатында жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында «Ак-Илбирс» биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча илимий борборун түзүү каралган.

Иш сапардын жүрүшүндө министр М. Машиев курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, коруктун кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнүн жана илимий, жаратылышты коргоо иш-чараларын натыйжалуу жүргүзүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Жаңыланган комплекстин курулушу аймактын уникалдуу жаратылышын сактоого, экотуризмди өнүктүрүүгө жана жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн күчөтүүгө багытталган.