Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев Миң-Куштагы кырсык боюнча Жогорку Кеңештин депутаты М.Самыйкожо менен жолугушту

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев Миң-Куштагы кырсык боюнча Жогорку Кеңештин депутаты М.Самыйкожо менен жолугушту

Министр М.Машиев Миң-Кушта 2024-жылдын 2-сентябрында болгон радиациялык калдыктарды ташуудагы авария боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожонун катышуусунда жумушчу жолугушу өткөрдү. Жыйынга Нарын облусунун Жумгал районунун жергиликтүү кеңешинин өкүлдөрү катышты жана ошондой эле Жаратылыш ресурстары министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калдык сактоочу жайлар башкармалыгынын радиациялык башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын башчылары катышышты.

Жолугушууда М.Машиев 2024-жылдын 2-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында болгон жол кырсыгы боюнча тараптардан бардык актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерди  укту. Туюк-Суу калдык сактоочу жайынын калдыктарын Дальнейе калдык сактоочу жайына ташууда.

2024-жылдын 1-июнунда болгон биринчи жол кырсыгынын мурунку протоколдору жана корутундулары талдоого алынган. Бул окуя боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу Экологиялык коопсуздукту мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директору Т.Далбаев билдирди. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Б.Джусупбеков техникалык кызматынын жана көзөмөл  боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду. Ал ошондой эле ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына бардык тиешелүү мамлекеттик органдар киргенин белгиледи. Биз кырсык болгон жерге толук жана кылдат текшерүү жүргүзүп, радиациянын фонун өлчөгөнбүз. Жердин жана суунун кыртышын изилдөө үчүн үлгүлөр алынган. Жыйынтыгы 30 күндөн кийин чыгат, дейт директор.

Андан ары Миң-Куш айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары ишкана тарабынан айрым мыйзам бузуулар боюнча маалымат беришти. Ошентип, алар жол эрежесин сактабоо, компания кызматкерлеринин жергиликтүү тургундарга орой мамилеси , кызматкерлердин атайын формасына ж.б. талаптарды аткарбоо тууралуу сөз кылышты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү,  Радиация бөлүмүнүн башчысы  Б.Асанкулов коопсуздук, техникалык кароо, жумушчулардын ден соолугун сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Ташууларды ишке ашырган транспорт каражаттары кун сайын техникалык кароодон жана коопсуз ташуу боюнча инструкциядан өтүшөт. Ал бардык унаалар жаңы экенин жана башка маселелер боюнча бул маселени чечүү үчүн катуу көзөмөл жүргүзүлөрүн билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү жалпысынан жергиликтүү калктын саламаттыгына токтолду. Радиациялык фон нормалдуу жана кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынганын белгиледи.

Өз кезегинде депутат М.Самыйкожо катуу тынчсыздануусун билдирип, бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга тийиштүү иштерди күчөтүүнү тапшырды. Ал белгилегендей, калкка түшүндүрүү иштерин тыкыр жүргүзүү зарыл. Кооптуу жүктөрдү ташууда жумушту коопсуз жүргүзүү боюнча жергиликтүү калктын кооптонуусун түшүнүү менен мамиле кылып. Жергиликтүү калктын ден соолугуна коркунуч жаралбашы керек, деп жыйынтыктады М.Самыйкожо.

Өз кезегинде М.Машиев бардык тараптарды кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө конструктивдүү жана тыгыз кызматташууга чакырды. Бул жыйындын жыйынтыгы менен бардык кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам тапшырмалар берилип, тиешелүү органдар тарабынан көзөмөл  күчөтүлөт. Бардыгын мыйзам бузууларды чечүү жана кайталабоо боюнча алдын-ала чараларды көрүүгө чакырды.