Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри Ысык-Көлдө «Ала-Тоо Резорт» курорттук комплексинин ачылыш аземине катышты
08-август 2025, 14:21
Ысык-Көл өрөөнү
2025-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Ысык-Көлдө жайгашкан жаңы «Ала-Тоо Резорт» курорттук комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
«Ала-Тоо Резорт» курорттук кластерин өлкөнүн туристтик жана инвестициялык саясатынын флагмандык долбоору катары кароо пландалууда. Ал Кыргызстандын туруктуу өнүгүү багытын жана туризм тармагындагы сапаттуу демилгелерге ачык экенин даңазалайт.
Курулуштун бардык этаптарында экологиялык нормалар жана Ысык-Көлдүн табиятына аяр мамиле жасоо принциптери так сакталып, бул уникалдуу экосистеманы келечек муундар үчүн сактап калууга өбөлгө түзөт.