Жаратылыш ресурстары министри М. Машиев иш сапары менен Жалал-Абад регионалдык башкармалыгында болду
03-ноябрь 2025, 14:05
Жаратылыш ресурстары министри М. Машиев иш сапары менен Жалал-Абад регионалдык башкармалыгында болду
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад регионалдык башкармалыгына барды.
Иш сапардын жүрүшүндө министр башкармалыктын эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы ишмердүүлүк, экологиялык жана техникалык көзөмөл тармагындагы маселелер боюнча талкуу өткөрдү. Жолугушууга Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Экологиялык мониторинг департаментинин өкүлдөрү катышты.
Министр М. Машиев башкармалыктын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар менен жеринен таанышып, бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Атап айтканда, министр:
* коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү,
* мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин шайлоо кампанияларына катышпоосу боюнча мыйзамдын так сакталышын камсыз кылуу,
* жылдык иш планында каралган тапшырмаларды жыл аягына чейин толук аткаруу,
* мекемелерден түшүүчү төлөмдөрдү өз убагында камсыз кылуу,
* материалдык техникалык базаны чыңдоо,
• айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жандандыруу
боюнча көрсөтмөлөрдү берди.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө суроо-жооп форматында пикир алмашуу болуп, кызматкерлер министрге өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришти.
Бул иш сапардын негизги максаты — жергиликтүү экологиялык жана техникалык көзөмөл органдарынын ишин күчөтүү, иштин сапатын жогорулатуу жана министрлик менен аймактык түзүмдөрдүн өз ара байланыш механизмдерин жакшыртуу болуп саналат.