Жаратылыш ресурстары министри жаңы административдик имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты
05-март 2026, 15:28
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Т. Токтобаев Чүй регионалдык башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыктын жаңы административдик имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө министр А.Т. Токтобаев курулуш иштерин өз мөөнөтүндө аяктоонун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш жүргүзүүдө коопсуздук техникасынын талаптарын жана сапат стандарттарын так сактоо зарылдыгын баса белгиледи.
Эске салсак, 2025-жылдын 17-октябрында жаңы административдик имараттын пайдубалына капсула салуу аземи өткөрүлгөн.
Үч кабаттуу административдик имараттын курулушу кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүүгө, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоорду ишке ашыруу заманбап курулуш технологияларын колдонуу жана экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө.
Жаңы административдик имаратта Чүй регионалдык башкармалыгын, Бишкек–Аламүдүн башкармалыгын, ошондой эле Чүй облусу боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык бөлүмдөрүн жана Бишкек шаары боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматын жайгаштыруу пландалууда. Бул мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, иш процесстерин оптималдаштырууга жана жарандарды тейлөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.