Министрликтин баардык түзүмдөрү ошондой эле баардык жаратылыш аймактары Улуттук тазалык күнүнө активдүү катышты
20-сентябрь 2025, 12:49
Чүй өрөөнү
2025-жылдын 20-сентябрында Улуттук тазалык күнүнө карата Министрликтин регионалдык башкармалыктары жана ведомстволук мекемелери Боз-Бөлтөк тоосунда ири масштабдуу тазалоо иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты – калк арасында таштандыларды чогултуу маданиятын жана экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу. Таштандылар сорттолуп, кайра иштетүүчү ишканаларга жөнөтүлдү.
Министрлик мындай экологиялык демилгелерди үзгүлтүксүз улантат.