Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бакуда СОР-29 форумунда Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Ерлан Нысанбаев менен жолугушту
14-ноябрь 2024, 15:21

Бакуда өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (СОР-29) тараптарынын 29-конференциясынын алкагында Министр Медер Машиев министр Ерлан Нысанбаевди Кыргызстан уюштурган павильондун иши менен тааныштырды жана экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана регионду туруктуу өнүктүрүү жаатында мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулады. Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө жана экологиялык чакырыктарды жеңүү боюнча биргелешкен аракеттерге өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер климат саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн аймактын өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жана аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.