Антальяда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаратылыш ресурстары министрлери кыргыз улуттук павильонунда жолугушту
11-ноябрь 2026, 13:33
Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан СОР31 конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук павильонунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаратылыш ресурстары министрлеринин катышуусунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага аймактагы төрт өлкөнүн жаратылыш ресурстары министрлери жана Түркмөнстандын расмий өкүлү катышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстан конференциянын алкагында Улуттук павильонундагы аймактын бардык министрлеринин катышуусундагы кошумча иш-чараны (сайд-ивент) биринчилерден болуп өткөрдү.
Иш-чаранын негизги темасы климаттык милдеттенмелерден конкреттүү инвестициялык долбоорлорго жана практикалык аракеттерге өтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын (ОНУВ 3.0) алкагында белгиленген максаттарды ишке ашыруу болду.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев өлкөнүн климаттык саясатындагы негизги артыкчылыктарды жана эл аралык өнөктөштөр үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырды.
Министр белгилегендей, ОНУВ 3.0 документи Кыргызстандын 2035-жылга чейинки климаттык багыттарын аныктайт. Ага ылайык, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын 2030-жылга чейин 18 пайызга, эл аралык колдоо көрсөтүлгөн шартта 30 пайызга чейин кыскартуу каралган. Ал эми 2035-жылга карата бул көрсөткүчтү 16 пайызга, эл аралык колдоонун негизинде 39 пайызга чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Инвестиция тартуунун негизги багыттары катары таза энергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, айыл чарбасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу, токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо белгиленди.
Мындан тышкары, эл аралык тоолуу аймактар күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду. Министр Кыргызстандын демилгеси менен БУУ тарабынан жарыяланган 2023–2027-жылдардагы Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын маанисин белгилеп, 2027-жылы Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитинин маанилүүлүгүнө токтолду.
Кыргыз Республикасы эл аралык каржы институттарын, өнүктүрүү банктарын жана жеке инвесторлорду өнөктөштүктү чыңдоого, биргелешкен инвестициялык долбоорлор портфелин түзүүгө жана климаттык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга чакырды.
Жолугушуу аймактык диалогду бекемдөө, ошондой эле климаттык ишмердүүлүк жаатында Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болду.