Жаратылыш министрлиги тарабынан Кант шаарынын мэриясына айып пул салынды
19-июнь 2026, 14:43
Чүй өрөөнү

Интернет булактарына жарыяланган маалыматка карата чара көрүлдү. Анда, кечээ, 2026-жылдын 18-июнь күнүндө бир катар маалымат агенттиктеринде Чүй облусунун Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдайды жаратып жаткандыгы боюнча маалымат тараган.
Аталган факты боюнча Жаратылыш ресурстары министрилигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында Кант шаардык мэриясына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

