Жаратылыш ресурстары министрлиги жаш муундарды активдүү колдойт

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жаш муундарды активдүү колдойт

Биоресурстар башкармалыгынын башчысы К. Мамбеталиев Бишкек Интернейшнл Скул (BIS)  мугалими жана окуучусу Г. Кадыркулова жана М.Мамаев менен жолугушуу өткөрдү. Мугалим жана окуучу жоголуп бара жаткан жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн изилдөө үчүн иштеп жатышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ишинин жыйынтыгы менен бөлүшүштү. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, экологияны коргоочу мектеп окуучусу өз суроолоруна жооп алды.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын жаратылышты коргоо маселелерине кызыгуусун жана маалымдуулугун жогорулатуу Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына экскурсия, мектептерде окууларды өткөрүү  боюнча пландар талкууланды.