Жаратылыш ресурстары министрлиги полимердик пленкалар боюнча иштерди күчөтүүдө

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги полимердик пленкалар боюнча иштерди күчөтүүдө

2024-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары А.Раимкулованын катышуусунда полимердик пленкадан жасалган баштыктарды чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августундагы №177 «Кыргыз Республикасынын аймагында полимердик пленкадан жана пластмассадан жасалган каптарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында өттү.

Ички рынокту калыңдыгы 50 жана андан жогору микрон полимер пленкасы пакеттери менен камсыз кылуу жана пакеттерди өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр тарабынан өлкө ичинде кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселелер талкууланды

-Полимердик пленкадан каптарды өндүрүүнү кыскартуу жана кагаз баштыктарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү (полимер баштыктарга альтернатива);  

- Жалпы маалымат (пакеттер рыногундагы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көлөмү, республика боюнча колдонулуучу пакеттердин орточо саны, негизги импорттоочу өлкөлөр);

- Полимердик пленка баштыктарын өндүрүүдөн биологиялык ажыроочу баштыктарга этап менен өтүү.

Полимердик пленкадан пакеттерди алып келүүгө, өндүрүүгө, жүгүртүүгө жана сатууга тыюу салуу күчүнө кирген  Мыйзам колдонуларын эскертебиз, Ысык Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын, парк-пляж зонасынын жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонанын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди абсолюттук жүгүртүүгө тыюу салынат.