Министрлик Ысык-Көл облусунда № 131 Президенттик Указды жана 2025-жылга карата Өкмөттүн иш-аракеттер планын ишке ашырууну жигердүү улантууда

Ысык-Көл өрөөнү
Министрлик Ысык-Көл облусунда № 131 Президенттик Указды жана 2025-жылга карата Өкмөттүн иш-аракеттер планын ишке ашырууну жигердүү улантууда

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоого багытталган № 131 Президенттик Указды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга карата Иш-аракеттер планын (2025-жылдын 17-январындагы № 18-р тескемеси менен бекитилген) ишке ашыруу алкагында жигердүү иштерди жүргүзүп жатат.

Чолпон-Ата шаарында Орхус борборунун колдоосу менен пансионаттардагы тазалоо курулмаларын тейлөө үчүн жооптуу кызматкерлер үчүн окутуу семинары өттү. Иш-чарага министрдин орун басары М. Аманкулов катышып, катышуучуларга саркынды сууларды тазалоо системаларын заманбап ыкмалар менен тейлөө тууралуу практикалык билимдер берилди. Бул өзгөчө туристтик сезон учурунда өтө маанилүү. Семинарга министрликтин Ысык-Көл облусундагы аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана Тоң, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынан операторлор катышты.

Программаны улантуу иретинде Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын дирекциясы "Таза жээк" экологиялык акциясын өткөрдү. Анын максаты — көлдүн жээги менен түбүн таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо, ошондой эле полиэтилен пакеттерин жана бир жолку пластик идиштерди колдонууга тыюу салууну илгерилетүү. Бул глобалдык деңгээлде пластик менен булганууга каршы күрөшүү демилгесин колдоо максатын көздөйт.

Өз сөзүндө министрдин орун басары М. Аманкулов мындай иш-чаралар мамлекеттик экологиялык саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналарын, ал эми алардын максаты — Ысык-Көл биосфералык аймагынын уникалдуу жаратылышын коргоо экендигин белгиледи. 

Иш-чаранын алкагында:

Жети-Өгүз райондук администрациясында биосфералык аймактагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, туристтик экологиялык милициянын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, токой кызматкерлери, бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда биосфералык аймакты сактоо, коргоо боюнча акция жыйыны өттү.

Жыйындан соң, мамлекеттик кызматкерлер, коомчулуктун ыктыярчылары Жети-Өгүз районунун Кызыл Суу, Барскоон айыл аймактарында жээк тилкесин катуу тиричилик калдыктарынан тазалап жана көл түбүндөгү таштандылар, көл үстүндөгү балык уулоочу торлор алынды. Дирекциянын кызматкерлери катышуучулар менен келгендерге маалыматтык буклеттерди таратышты.

“Ысык-Көл пластиксиз” экологиялык акциясы

2025-жылдын 31-майында Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл пластиксиз” аталышындагы экологиялык акция өттү. Аны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги уюштурду. Иш-чарага министрликтин биринчи орун басары К. Касейинов жана орун басары А. Раимкулова катышты. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн аппарат жетекчиси А. Азарбеков катышты.

Иш-чаранын өнөктөштөрү болуп “Эко Деми” фонду, экоактивист А. Панаев, кагаз жана биологиялык бузулуучу баштыктарды чыгаруучулар, жергиликтүү тургундар жана министрликтин кызматкерлери болушту. Ыктыярчылар көл жээгин тазалап, пластик таштандыларга каршы ишенимдүү иш алып барышты.

БАА өкүлдөрү үчүн пресс-тур

2025-жылдын 19-июнунда журналисттер үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пансионаттар менен жээк аймактарына пресс-тур уюштурулду. Максаты — тазалоо курулмаларынын абалын текшерүү, суу биоресурстарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү болду.

Өзгөчө көңүл “Ысык-Көл пластиксиз” экологиялык демилгесине бурулду. Бул демилге туристтердин жана ишкерлердин арасында жоопкерчиликтүү экологиялык жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга багытталган — бир жолку пластиктен баш тартуу жана таштандыларды бөлүп чогултуу сыяктуу кадамдар аркылуу.

Пресс-тур алкагында туристтик инфраструктура объектилери көрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча министрликтин аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги озунун өнөктөштөрүнө жана жарандык коомдун активдүү өкүлдөрүнө Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.

Бул багыттагы иштер № 131 Указдын жана 2025-жылга карата Өкмөттүн иш-аракеттер планынын алкагында мындан ары да улантылат.